Активист Күрөнов куугунтуктан улам өлкөдөн чыгып кеткенин айтты

Активист Күрөнов куугунтуктан улам өлкөдөн чыгып кеткенин айтты

Жарандык активист Тилекмат Күрөнов саясий куугунтуктан улам Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болду. Бул тууралуу кайрылуусун ал  Facebook баракчасына жарыялады.

Ал Кемпир-Абаддын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып, суу сактагычты коргоо комитетинин мүчөсү болгон.

Тилекмат Күрөновдун пикиринде укук коргоо органдарынын кызматкерлери — ИИМ менен УКМКнын кызматкерлери мыйзамсыз буйруктарды аткарып жатат.

«Кечээ активисттерди, саясатчыларды тинтүү, кармоолор болуп, бийлик биздин сүйлөшүүлөрдү жаздырып, монтаж кылып, бийликти кулатууну, төңкөрүш жасоону каалаган адамдар катары ашкерелешти. Биз суу сактагычтын берилишине каршы гана чогулганбыз», — деди активист.

Ошондой эле, ал 26-октябрда Бишкекте өтөтурган улуттук улуу жыйынга катышарын белгиледи.

23-октябрда Бишкекте 20дан ашык оппозициялык саясатчы менен активисттердин 48 саатка камакка алынды.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат. Милиция атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө айрым жарандардын массалык башаламандык уюштурууга, бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынганын билдирүүдө. ИИМ кылмышка шектүүлөрдүн жашаган үйлөрү тинтилип, Жазык процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармоо иштери жүрүп жатканын маалымдаган.

Тилекмат Күрөнов «бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоого» күнөөлөнүп, 1 жылга, ошондой эле «добуш сатып алууга» айыптуу деп табылып, дагы 6 айга, жалпы 1,5 жылга эркинен ажыратылган. Ал өзүнө ачылган кылмыш ишти куугунтук катары баалаган. Активист жаза мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу абактан чыккан.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>