Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Адилет Балтабайдын иши: Соттук отурумда жарыш сөз болду
01.11.2022 | 14:22
Камактагы жарандык активист Адилет Балтабайдын иши боюнча бүгүн, 1-ноябрда өткөн соттук отурумда тараптардын жарыш сөзү болду. Бул тууралуу Reporter.kg’ге активисттин жубайы Гүлкайыр Жапарова билдирди.
Соттук процесс Биринчи май райондук сотунда өтүүдө.
“Адилет, жактоочу жана прокурор жарыш сөз сүйлөдү. Эми акыркы бир процесс калды. Кийинки соттук отурум 11-ноябрга белгиленди. Анда Адилетке сөз берилип, чечим чыгат”, – деди ал.
Эскерте кетсек, Адилет Балтабайга (Адилет Али Мыктыбек) «массалык башаламандыктарга чакырык жасоо» беренеси боюнча кылмыш иши ачылган. Учурда ал тергөө абагында камакта отурат.
2-сентябрда Адилет Балтабайга ачылган кылмыш иши боюнча биринчи отурум өтүп, ага айыбы угузулган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом