Адилет Балтабайдын иши: Көз карандысыз эксперт суралды

Адилет Балтабайдын иши: Көз карандысыз эксперт суралды

Көз карандысыз эксперт-лингвист камактагы активист Адилет Балтабайдын социалдык тармактагы постунда массалык башаламандыктарга чакырыктар болбогонун ырастады. Бул тууралуу Reporter.kg’ге активисттин жактоочусу Нурбек Сыдыков маалымдады.

Анын айтымында, 20-октябрда өткөн соттук отурумда алар тараптан чакырылган көз карандысыз эксперт суралган.

«Ал Адилет Бадтабайдын постунда массалык башаламандыктарга чакырык жок экенин билдирди. Отурумда эксперт гана суралды. Кийинки соттук процесс 1-ноябрга жылдырылды», — деди ал.

Эскерте кетсек, буга чейин Сыдыков 22-сентябрда өткөн соттук отурумда лингвистика боюнча мамлекеттик эксперт Адилет Балтабайдын постунда массалык башаламандыктарга чакырыктар жок экенин ырастаганын билдирген.

Адилет Балтабайга (Адилет Али Мыктыбек) «массалык башаламандыктарга чакырык жасоо» беренеси боюнча кылмыш иши ачылган. Учурда ал тергөө абагында камакта отурат.

2-сентябрда Адилет Балтабайга ачылган кылмыш иши боюнча биринчи отурум өтүп, ага айыбы угузулган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>