CASA-1000: Кыргызстанда зымдарды тартуу иштери жүрүүдө

CASA-1000: Кыргызстанда зымдарды тартуу иштери жүрүүдө

CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында Баткен облусунда 12-сентябрдан тарта зым тартуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААКсынын билдиришти

Маалыматка караганда, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустары аркылуу өткөн ЖЧ-500 кВ чубалгысынын узундугу 456 чакырымды түзөт.

«Бүгүнкү күндө 1 миң 211 (97,4%) тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдор курулду, 1 миң 211 (97,4%) тирөөчтүн чуңкурлары казылды. Ошондой эле 1 миң 180 (94,9%) тирөөчтөр арматураланды жана бетондолду, 969 (78%) тирөөч орнотулду, зымдарды тартуу — 36,1 км (7,9%). Курула турган электр тирөөчтөрдүн жалпы саны 1 миң 243тү түзөт.Андан сырткары, Жалал-Абад облусунда CASA-1000 долбоорунун алкагында «Датка» көмөк чордонундагы 500 кВ көмөкчү чордонун куруу иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Аталган үч облуста инфраструктуралык объекттерди куруу үчүн адистерди мобилизациялоого 6 курулуш базасы курулган.

Маалымдама: CASA-1000 долбоору Борбор Азия менен Түштүк Азиянын — Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистандын энергетикалык тутумдарын байланыштырууга багытталып, эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгат.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>