Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Эркин журналист Семетей Талас уулу ИИМге суракка алынып келди
01.11.2022 | 15:18
Эркин журналист Семетей Талас уулу ИИМдин башкы тергөө башкармалыгына суракка алынып кетти. Бул тууралуу Reporter.kg’ге журналист өзү билдирди.
Анын айтымында, милиция кызматкерлери ал кайсы иш боюнча суракка алынарын айткан эмес жана эч кандай кагаздарды көрсөткөн эмес.
“ИИМдин башкы тергөө башкармалыгына алып кетишти. Кайсы иш боюнча экенин айтышкан жок”, – деди ал.
Бул боюнча ИИМдин басма сөз кызматына кайрылганыбызда, алар журналист суракка алынып келгенин тастыктап, сурак кайсы иш боюнча болорун тактап берерин билдиришти.
Семетей Талас уулу уюшкан кылмыштуу топ, коррупциялык иштер тууралуу макалаларды жазып келет. Ал социалдык тармактардагы баракчасында коомдук-саясий окуяларга оюн ачык жазып келгени белгилүү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом