«Бишкекгаз» Ленинское айылында 30-сентябрдан 2-октябрга чейин газ берүүнү токтототКыргызстанда санариптик далилдерди мыйзамдаштырып, виртуалдык активдерге камак салуу сунушталуудаБишкекте үй-тиричилик товарларын жана техникаларын чыгарган өндүрүштүк аянтча ачылдыКыргызстанда кайсы өсүмдүктөрдү жыйноого, колдонууга жана сатууга болбойтБишкектеги Г. Айтиев атындагы музейде байыркы кол жазмалар тууралуу лекция өтөтКыргызстанда 1 млрд долларлык фармацевтикалык индустриалдык парк курулат
Сотмедэкспертиза борборлорунда коррупция гүлдөп жатат, – депутат
01.11.2022 | 15:37
Медициналык-социалдык экспертиза борборлорунда коррупция гүлдөп жатат. Бул тууралуу депутат Бактыбек Сыдыков Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бул системада дени сак адамдарга майыптык берилген учурларды кездештирүүгө болот.
«Система бузулган. Бул борборлорго ким баш ийе турганын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Социалдык өнүктүрүү министрлиги чечиши керек. Бул системада өтө чоң коррупция бар», – деди ал.
Эмгек жана социалдык коргоо министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, Кыргызстанда 28 медициналык-социалдык экспертиза борбору бар. Анын айтымында, өлкөдө 202 миң майып адам бар.
«Борборлордо 198 кызматкер иштейт, алардын 98и дарыгерлер», – деди министр.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар