Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Кыргызстан Өзбекстандан эң көп бут кийим сатып алган өлкө болду
03.11.2022 | 09:55
Быйыл тогуз айда Өзбекстан 19 өлкөгө 21,2 млн жуп бут кийим экспорттогон. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин Статистика комитети билдирди.
Сатылган бут кийимдердин наркы 30,5 млн долларды түзгөн.
Өзбекстандан бут кийим сатып алган өлкөлөрдүн сап башында Кыргызстан турат. Быйылкы тогуз айда Өзбекстан Кыргызстанга 9,2 млн жуп бут кийим экспорттогон. Ошондой эле Тажикстанга – 5,3 млн, Казакстанга – 5,3 млн, Афганистанга – 596 миң, Россияга 418 миң бут кийим сатылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом