КР Курулуш министрлиги көйгөйлүү курулуш компанияларына тышкы башкаруу киргизүүнү пландап жататБишкекте үч фонтан ачылып, муниципалдык кызматкерлер сыйланды — сүрөтЭрназар Акматалиев Астанадагы дүйнө чемпионатында күмүш байгеге ээ болду1-ноябрь: Кыргызстанда күн жылуу болот, абанын температурасы +21° чейин көтөрүлөтБишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенет
Кыргызстан Өзбекстандан эң көп бут кийим сатып алган өлкө болду
03.11.2022 | 09:55
Быйыл тогуз айда Өзбекстан 19 өлкөгө 21,2 млн жуп бут кийим экспорттогон. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин Статистика комитети билдирди.
Сатылган бут кийимдердин наркы 30,5 млн долларды түзгөн.
Өзбекстандан бут кийим сатып алган өлкөлөрдүн сап башында Кыргызстан турат. Быйылкы тогуз айда Өзбекстан Кыргызстанга 9,2 млн жуп бут кийим экспорттогон. Ошондой эле Тажикстанга – 5,3 млн, Казакстанга – 5,3 млн, Афганистанга – 596 миң, Россияга 418 миң бут кийим сатылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом