Бишкек шаарынын Октябрь районундагы батирден 84 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымтака караганда, куткаруучулар 4-кичи районунда жайгашкан №48 үйдүн 26-батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1938-жылы туулган В.А.П. аттуу аял кишинин сөөгү табылган.
Аны ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 5 куткаруучу тартылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз