Сузактын тургуну 17 жылдан соң “Хизб ут-Тахрир” уюмунан баш тартты

Сузактын тургуну 17 жылдан соң “Хизб ут-Тахрир” уюмунан баш тартты

Сузак районунун тургуну  “Хизб ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун идеологиясынан баш тартты, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарга каршы аракеттенүү боюнча алдын алуу иш-чаралардын алкагында, “Хизб ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмдун (ДЭУ) мүчөлөрүн жана тарапташтарын түшүндүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгында Сузак районунун тургуну Х.А.С. аттуу КР жараны радикалдык көз карашынан эл алдында баш тартканын билдирди. Х.А.С. 2005-жылдан бери “Хизб ут-Тахрир” ДЭУ кылмыштуу ишмердүүлүктөрүнө катышып, экстремисттик активдүү кызматкерлер менен жашыруун байланышта болгон.

Профилактикалык иш-чаранын жүрүшүндө Х.А.С. тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алып, жарандарды “Хизб ут-Тахрир” ДЭУ мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды.

Учурда  УКМК тарабынан “Хизб ут-Тахрир” ДЭУ ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле аталган диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн арасында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү боюнча иштер улантылууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>