Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
ТИМ: Стамбулдагы жардыруудан кыргыз жарандары жабыркаган жок
14.11.2022 | 09:48
Кечээ, 13-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарынын борборунда болгон жардыруудан каза болгон жана жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Министрлик Стамбулдагы башкы консулдук Түркиянын бийлиги менен байланышта экенин белгилейт.
Эскерте кетсек, 13-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:20да Бейоглу районунда Истикляль көчөсүндө жардыруу болгон. Акыркы маалыматтар боюнча, анын айынан каза болгондордун саны алтыны түзүп, жабыркагандардыкы 81ге жетти.
Түркия бийлиги болгон окуяны теракт катары баалап жатат. Ага аял кишинин катыштыгы болгону, бомба салынган баштыкты көчөгө калтырып кеткени айтылууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом