Депутат электромобилдерди ташып келүүгө квотаны дагы көбөйтүүнү сурандыШКУ менен БРИКС жаңы каржылык архитектураны калыптандырууда — эксперт Алмаз НасыровКыргызстан Кытайдын улуттук ири мунай корпорациялары менен кызматташууну тереңдетүүдөБазар-Коргон — Кызыл-Үңкүр жолу үч жылдан ашык убакыттан бери бүтпөй келетКыргызстанда күздүк дан өсүмдүктөрүнүн сертификацияланган үрөндөрү сатыкка чыктыБишкектеги орус театрында Вячеслав Виттихтин «Өлүк жандар» спектакли көрсөтүлөт
Стамбулдагы жардыруу: Шектүү аял кармалды
14.11.2022 | 10:07
Стамбулдун борборунда жардыруу уюштурууга шектүү делген аял полиция тарабынан кармалды. Бул тууралуу Түркиянын Ички иштер министрлигинин башчысы билдиргенин Mash телеграм каналы маалымдады.
Анын айтымында, кармалган жаран террордук уюмдарга тиешеси бар.
Журналисттер буга чейин аял жардыруучу зат салынган баштыкты шаардын туристтик борборуна, Истикляль көчөсүнө таштап кеткенин айтышкан.
Жардыруу 13-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:20да Бейоглу районунда Истикляль көчөсүндө болуп, ал алты адамдын өмүрүн алып кеткен. Ошондой эле 81 адам жаракат алган, алардын экөөнүн абалы оор.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жок.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом