ЕБ башпаанек берүү эрежелерин катаалдатууда: мигранттар үчүнчү өлкөлөргө депортацияланат«Чакан ГЭС» жана кытайлык ишкана Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо боюнча келишимге кол коюштуКыргызстан БУУда гендердик квоталоо жана Фергана өрөөнүндөгү тынчтык боюнча баяндама жасадыБишкекте милиция кызматкери кармалган жаранды аёосуз сабоого айыпталуудаТургунбек уулу менен Сулаймановдун ордуна Жогорку Кеңешке жаңы депутаттар келдиЖылмаюу жана бий: №33 автобустун «Жапайы айдоочусу» бишкектиктерге жагымдуу маанай тартуулайт
Караколдун борборунда дрифт жасаган айдоочу кармалды – видео
14.11.2022 | 14:31
Каракол шаарында жол эрежесин одоно бузуп, борбордук аянтта дрифт кылган бейбаш айдоочу кармалды. Бул тууралуу 14-ноябрда Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, айдоочу Каракол ШИИБнин жол кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан кармалган.
“Айдоочу Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айылынын Азамат Асанов аттуу тургуну болгон. Унаа айып төлөнүүчү жайга киргизилди. Айдоочуга Кылмыш-жаза кодексинин 189-беренеси (Автобейбаштык) боюнча протокол түзүлдү”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом