ИИМ күзөт кызматкерлеринин маянасы качан көтөрүлөрүн айтты

ИИМ күзөт кызматкерлеринин маянасы качан көтөрүлөрүн айтты

ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлеринин эмгек акысын үстөк акча маселеси жакынкы арада чечилет. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Белгилүү болгондой Күзөт кызматы ИИМдин Кыргызстандын өзгөчө маанилүү, маанилүү, олуттуу жана башка объекттеринин коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле менчигинин формасына карабастан объекттерди жана мүлктөрдү келишимдин негизинде күзөткө алуу иштерин жүргүзгөн ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет.

ИИМдин Күзөт кызматы өз ишин «Кыргызстандын Ички иштер органдары жөнүндө» мыйзамынын 8-беренесине (12-п.) ылайык жүргүзөт, анда «Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн, улуттук коопсуздук органдарынын жана жазык-аткаруу тутумунун объектилерин кошпогондо, объектилерди, юридикалык жана жеке жактардын мүлкүн кайтарууну, ошондой эле объектилердеги ведомстволук кайтаруу ишинин уюштурулушун контролдоону келишимдик негизде жүзөгө ашырууга» деп көрсөтүлгөн.

«Кыргызстандын Ички иштер органдары жөнүндө» мыйзамынын 8-беренесине (12-п.) ылайык Күзөт кызматынын иши ИИМдин 2020-жылдын 10-февралындагы №75 токтому менен бекитилген ИИМдин күзөт кызматы жөнүндө Жобо менен регламенттелет. ИИМдин Күзөт кызматы жөнүндө жобонун 17-пунктуна ылайык, менчик ээлеринен келишим боюнча келип түшкөн өзүн-өзү актоо, өзүн-өзү каржылоо принциптеринде жана атайын эсептин каражаттарынын эсебинен кармалат.

Мындан тышкары, ИИМдин Күзөт кызматы жөнүндө жобонун 19-пунктунда акы төлөнүүчү кызматтарга тарифтер (баалар) күзөт кызматынын бөлүмдөрүн күтүүгө кеткен чыгымдарды жабуу үчүн зарыл болгон минималдуу нарктын чегинде түзүлөөрү белгиленген.

«Мында тарифтерди түзүү акы алууга баалардын прейскурантына ылайык, Кыргызстандын өкмөтүнүн токтому менен бекитилген акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) тарифтерди (бааларды) түзүү методикасы жөнүндө Жобого ылайык жүргүзүлөрүн, башкача айтканда ИИМдин Күзөт кызматынын күзөт кызматын көрсөтүүгө болгон баа саясаты катуу мамлекеттик жөнгө салынаарын белгилей кетүү керек. Республикалык бюджеттен каржылануучу аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын акчалай үстөк пулдарынын жогорулагандыгына байланыштуу, азыркы учурда ИИМдин Күзөт кызматы тарабынан күзөт кызматын көрсөтүү келишимдерди кайра түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө», — деп билдирет министрлик.

Иш-чаралар аяктагандан кийин ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлерине 1-октябрдан баштап үстөк пулдары толук көлөмдө кайра эсептөө жүргүзүлөт.

ИИМдин башка түзүмдүк бөлүмдөрүнөн айырмаланып, Күзөт кызматы республикалык бюджеттен каржыланбай тургандыгын эске алуу зарыл.

Белгилей кетсек, 1-октябрдан тарта Кыргызстандын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызмат өтөө үчүн үстөк пулду жогорулатуу боюнча президенттин жарлыгы да чыккан.

Бүгүнтөн тарта укук коргоо жана аскер кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлөт

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>