Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында жаан, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй облусунун жана Ысык-Көл облусунун дыйканчылык зонасында жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетет.
Аба температурасы:
Чүй облусу
түнкүсүн -2…+3
күндүз +7…+12
Талас району
түнкүсүн 0…-5
күндүз +5…+10
Баткен облусу
түнкүсүн -3…+2
күндүз +5…+10
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн -3…+2
күндүз +5…+10
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн 0…-5
күндүз +7…+12
Нарын облусу
түнкүсүн -2…-7
күндүз +4…+9
Бишкек шаарында түнкүсүн ала булут каптап турат, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 0…+2, күндүзгү жогорку температурасы +10…+12.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз