Иранда кыздар мектебине жасалган авиасоккудан 40тай киши каза болгону айтылуудаТегеранды каптаган «Каардуу айкырык»Иран Израилге жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик объектилерине сокку урдуКыргызстан Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна тынсыздануусун билдирдиАР: Йемендик хуситтер Израилге каршы чабуулдарын кайра жандантатТегерандан Исфаханга чейин: АКШ жана Израиль кайсы объекттерди жок кылууда жана ирандык «проксилер» эмне менен коркутууда?
Бишкек шаарында батирден 41 жаштагы кишинин сөөгү табылды
21.11.2022 | 18:42
Бишкек шаарындагы бир батирдин ичинен бир кишинин сөөгү табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын 11-кичи районунда жайгашкан үйлөрдүн бириндеги батирдин эшиги бекилип калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Мындан улам куткаруучулар жеринде бекилип калган эшигин ачып беришкен.
Батирдин ичинен 41 жаштагы А.С аттуу адамдын сөөгү табылган. Куткаруучулар каза болгон адамдын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Эшик ачууга Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар