Бишкекте алдамчылыкка шектелип 33 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелип 33 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелип 33 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-ноябрда милицияга К.Б. аттуу жаран кайрылып, быйыл 20-сентябрда Б. аттуу жаран ишенимине кирип, өзүн унаанын ээсимин деп алдап тааныштырып, Mazda Premacy үлгүсүндөгү унааны 360 миң сомго сатып, андан кийин жашырынып кеткенин билдирген.

Аталган фактка байланыштуу Кылмыш кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 33 жаштагы Б.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан же маалыматы бар жарандарды 0702 405 065, 0705 070 808 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>