Бишкекте «Өлбөс полк» жүрүшүн өткөрүүгө уруксат берилдиКазакстан жарым жылга тоок жумурткасын импорттоого тыюу салды — анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнөн даБишкек электр тармактар ишканасынан акча чыгарып кетүүгө шектелип директор, башкы эсепчи жана анын орун басары кармалдыМамлекеттик өнүктүрүү банкы май айында фондулук биржага чыгатЧүй облусунда 1250 гектар жерде зыянкеч чегирткелер аныкталдыСтуденттерге контракттык окуу үчүн жеңилдетилген насыя берүү сунушталды
Чек арада 42 млн сомдук мыйзамсыз жүк кармалды
23.11.2022 | 09:31
“Кең-Булуң-автожол” көзөмөл-өткөрүү пунктунун чек арачылары катталбаган ири жүктү мыйзамсыз алып бараткан унааны кармады. Бул тууралуу тийешелүү мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Чек ара кызматы автоунааны текшерүү учурунда тиешелүү документтери жок экенин аныктаган. Унаада ири өлчөмдөгү эл керектөөчү товарлар табылган:
- 30,3 миң флакон аялдарга таандык атыр;
- 380 кол чатыр;
- 40 миң көз айнек;
- 6,3 миң көз айнек сактоочу куту;
- 4,8 миң даана көз айнекке кам көрүү каражаттары;
- үй үчүн 40 куту батареялары;
- 2,5 миңден ашык аялдар кремичек ара
- 1000 таңгак нымдуу сүлгү.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган жүктүн баасы 42 миллион сомго жакын деп бааланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом