Чүйдө мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилинде жат жазуу жазышты

Чүйдө мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилинде жат жазуу жазышты

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы тарабынан 22-ноябрда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата республикалык деӊгээлде уюштурулган “Сабаттуу жазуу” иш-чарасы уюштурулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызмты билдирди.

Иш-чаранын негизги максаты, кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары толук кандуу иштөөсүнө шарттарды түзүү, коомдогу ордун бекемдөө, кыргыз тилинин коомдун бардык тармактарында колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү жана кыргыз тилине карата кызыгууну арттыруу болуп саналат.

«Сабаттуу жазуу» иш-чарасына президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, Аламүдүн жана Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрацияларынын кызматкерлери, айыл өкмөт башчылары жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылары жана кызматкерлери катышышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>