Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Кыргызстанга он айда дээрлик 2,2 млн өзбекстандык эс алууга келген
30.11.2022 | 13:04
Быйыл он айда 2 млн 151,8 миң өзбекстандык турист Кыргызстанга эс алууга келип кеткен. Бул тууралуу Өзбекстандын Статистика комитети билдирди.
Маалыматка караганда, ушул жылдын он айында 4,4 млн өзбек жараны чет өлкөгө туристтик максатта чыккан. Алардын ичинен 2 млн 151,8 миң киши Кыргызстанга барган.
Өзбекстандыктар саякаттоо үчүн тандаган өлкөлөрдүн ичинде экинчи орунда Казакстан (870 миң), үчүнчүдө Тажикстан (615,2 миң) турат.
Өзбекстандык саякатчылар көп барган өлкөлөрдүн катарында Туркия (264 миң), Россия (210,3 миң), Бириккен Араб Эмираттары (98 миң), Сауд Арабиясы (54,7 миң), Египет (31,9 миң), Түштүк Корея (19,2 миң) бар.
Кыргызстанга жарым жылда 1 млн өзбекстандык жаран эс алууга келген
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом