Борбордогу автобустун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо эскертилдиМанас шаарында кызга зомбулук көрсөткөн 38 жаштагы жаран камакка алындыКата жазылган көчө аттары: Бишкекте туура эмес аталыштарга каршы рейд башталдыАла-Арчада Кыргызстандагы алгачкы родельбан курула баштадыКумтөрдүн «MEGASHOP» цехи: 14 оор техниканы бир убакта оңдойтTunduk тиркемесинде жаңы медициналык кызмат ишке киргизилди
Жапаров Мурадиллаевдин операциясына 42 миң доллар бөлдү
04.12.2022 | 22:31
Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, театр жана кино актёру Азиз Мурадиллаевдин операциясына 42000 доллар каражат которду. Бул тууралуу Ассоль Молдокматова социалдык баракчасына жазды.
Актёр оор абалда 3-декабрда ооруканага түшкөн. Ал операцияга муктаж.
“Азиз Мурадиллаев оор абалда оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал боор циррозу менен жабыркайт. Ага Түркиядан баасы 45000 долларга операция жасоо керек», — деп жазган Молдокматова.
Ал «Курманжан датка» тасмасындагы Кокон хандыгы тушунда кыргыздардан чыккан таасирдүү саясий ишмер Алымбек датканы образын жаратуу менен көпчүлүккө таанылган.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар