Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Бишкектеги түнкү клубда ок атылды. Шектүүлөр кармалды
05.12.2022 | 10:56
4-декабрга караган түнү Бишкектеги «Промзона» клубунда ок атуу болду. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, райондук милицияга Ж.Т. аттуу жаран кайрылып, 4-декабрга караган түнү болжол менен саат 03:30да Ч. Валиханов көчөсүндөгү түнкү клубда пикир келишпестиктен улам белгисиз адамдар травматикалык курал колдонуп, денесине залал келтиргенин билдирген.
Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары 37 жаштагы З.М. жана 34 жаштагы М.В. аттуу жарандар кармалып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Иликтөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз