Ноокенде алты жашар кызды зордуктаган адамга сот өкүм чыгарды

Ноокенде алты жашар кызды зордуктаган адамга сот өкүм чыгарды

Жалал-Абаддын Ноокен райондук соту алты жашар кызды зордуктаган деп айыпталган Ноокен районунун 28 жаштагы тургуну А.П.ны өмүр бою эркинен ажыратты. Соттун чечими 2022-жылдын 6-сентябрында чыккан.

Жабыркаган кыздын кызыкчылыгын коргогон «Адилет» укук коргоо уюмунун юристтери билдиргендей, окуя 2022-жылдын 26-майында болгон.

Ошол күнү даярдоочу класстын окуучулары болгон алты жаштагы үч кыз мектептен кайтып келе жаткан. Алардын алдынан 28 жаштагы айылдашы чыгып, кыздарды өзүнүн короосуна тыт жегенге чакырган. Андан кийин үйүнө чакырып, аларга картошка менен жумуртка кууруп берген. Ошол учурда ал кыздардан ата-энелери жөнүндө сураган. Эки кыз атасынын, үчүнчүсү – апасынын атын (ата-энеси ажырашкан) айтышкан. Алмаз үчүнчү кызды тандап, алар менен чогуу барып, суу алып келерин айткан. Ошол учурда ал кызды кошуна имаратка алып барып, зордуктаган.

Кылмыш ишинде кылмыштын бардык далилдери болгон: кылмыш болгон жерден кыздын чачы, соттолуучунун сперматозоиддеринин изи, кыздын ич кийиминде кандын издери табылган. Тастыктоочу соттук-биологиялык экспертизанын жыйынтыгы дагы чыгарылган.

Мындан тышкары соттолуучу кыздын кыйкырганына карабай кийимин чечип, муунтканын өз көздөрү менен көргөнү боюнча эки кыз көрсөтмө беришкен. Бирок ошол учурда айыпталуучу аларга: «Чыккыла!» деп кыйкырганда, эки кыз качууга аргасыз болушкан.

Тергөө учурунда кыздардын баары зордукчунун өздүгүн аныкташкан.

А.П.га карата Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 4-бөлүгү «Он төрт жашка чыга элек балага карата зордуктоо» боюнча айып тагылган.

Ноокен райондук соттун чечими менен айыпталуучу өмүр бою эркинен ажыратылган. Соттолгон жарандын жакындары өкүм боюнча жогорку инстанцияга даттануу менен кайрылышарын билдиришкен.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>