7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынатБишкекте электр энергиясы үчүн карызы бар 6 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөтБШК Кундузбек Сулаймановду депутаттык мандатынан ажыраттыМинистр менен мэр окуучу кол салды делген мугалимден кабар алышты
Жаңы жылда “Тазалык” ишканасы күчөтүлгөн режимде иштейт
30.12.2022 | 19:43
Жаңы жылды майрамдоодо «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери таң эртеден баштап нөөмөттө болушат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жалпысынан таштанды чыгарууга 60 адам жана 7 атайын техника тартылат. Аянттын бардык периметри боюнча таштанды челектери, анын ичинде 40 чоң желим контейнер жана 10 евро контейнер орнотулат.
Жаңы жылдык майрамдарда “Тазалык” муниципалдык ишканасынын топтору таңкы саат 6:00дөн баштап шаардын бардык аймагында таштандыларды тазалоо иштерин кадимки режимде жүргүзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом