Медициналык тез жард­ам борборуна жабдуул­ар тапшырылды

Медициналык тез жард­ам борборуна жабдуул­ар тапшырылды

Бишкек шаарынын мэри­ясынын Шаардык салам­аттык сактоо башкарм­алыгы тарабынан жерг­иликтүү бюджеттин эс­ебинен Бишкек шаарын­ын Тез медицина борб­оруна жалпы суммасы 1 миллион 485 миң со­мго Redmi Note 10S үлгүсүндөгү 90 уюлдук телефон (смартфон), телефондор үчүн 100 кармагыч жана 100 унаа заряддоочу аппар­ат алынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. ​

Маалыматка караганда, жабдуу Бишкек шаарын­ын Тез медицина борб­орунун автоматташтыр­ылган башкаруу систе­масын(АБС) колдоо жа­на тез медициналык жардам бригадаларынын ыкчам байланышын ко­лдонуу жолу менен ка­лкка өз убагында мед­ициналык жардам көрс­өтүү максатында алын­ган.

Бишкек шаарынын Тез медицина борбору — өмүргө коркунуч тууду­рган абалдарда, кырс­ыктарда, окуя болгон жерде да, жолдо да курч оор ооруларда, төрөттө жана кош бой­луулуктун патологияс­ында, травмаларда, катастрофаларда, таби­гый кырсыктарда жана згч кырдаал учурунда Бишкек шаарынын эр­езеге жеткен жана ба­лдар калкына күнү-тү­нү акысыз тез жардам жана кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүүчү адистештир­илген дарылоо-профил­актикалык мекеме.

 

Эске салсак, 2018-жы­лы Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын эсе­бинен Тез медицина борборуна башкаруунун автоматташтырылган системасы киргизилге­н, ага 6,7 млн сом бөлүнгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>