Жаңы жылдык майрамдан кийин «Ала-Тоо» аянтынан 5 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, тазалык жана тартипти «Тазалык» муниципалдык ишканасынын 7 атайын техникасы менен 60 кызматкери камсыздашкан.
«Жаңы жыл түнү жалпысынан шаардын көчөлөрү тазалоого 42 атайын техника жана 500 кызматкер тартылган», — деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз