Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн өлтүрүүгө шектүү делип төртүнчү жаран кармалды, деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.
Маалыматка караганда, өзгөчө оор кылмышка тиешеси барларды кармоо боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.
Бүгүн, 15-январда ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн Ош облусунун тургуну 1998-жылы туулган Шакир уулу Курсантбек Бишкек шаарынан кармалды.
14-январда ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн Ош облусунун тургуну 1991-жылы туулган Чубаков Нурбек Өзгөн районунан кармалганы маалымдалган.
Ага чейин Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн өлтүрүүгө шектүү делип эки жаран кармалганы маалымдалган.
13-январга караган түнү Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүнөн банктын жанынан 1993-жылы туулган А. Н. аттуу жарандын сөөгү табылып, аны белгисиз адамдар тобу сабап өлтүрүшкөндүгү аныкталган.
Мындан тышкары, ошол эле түнү ооруканага 1995-жылы туулган Н. М. аттуу дагы бир жаран оор абалда бычактан жаракат алынып келинген.
Бул факт Ош ШИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүндө (адам өлтүрүү) каралган кылмыш белгилери боюнча катталган.
Буга чейин аталган кылмышты уюштурууга шектелип «Женго» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досонов кармалган.
Кылмышка катыштыгы бар делген адамдар издөөгө алынган.
- Раимберди уулу Акылбек, 1995-жылы туулган, Өзгөн районунун тургуну;
- Коргонбай уулу Эламан, 1995-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну;
- Шакир уулу Курсантбек, 1998-жылы туулган, Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын тургуну.
Шектүүлөрдүн бири 27 жаштагы Коргонбай уулу Эламан — ММА мушкери. Ал ММА боюнча мелдештерге, анын ичинде Азия биринчилигине катышып жүргөн. Эрежесиз эр уруш боюнча Азия чемпиону экени белгилүү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз