Оштогу УКТ мүчөсүнүн өлтүрүлүшү: Эки шектүү кармалды – видео

Оштогу УКТ мүчөсүнүн өлтүрүлүшү: Эки шектүү кармалды – видео

Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн өлтүрүүгө шектүү эки жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 13-январга караган түнү Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүнөн банктын жанынан 1993-жылы туулган А. Н. аттуу жарандын сөөгү табылып, аны белгисиз адамдар тобу сабап өлтүрүшкөндүгү аныкталган.

Мындан тышкары, ошол эле түнү ооруканага 1995-жылы туулган Н. М. аттуу дагы бир жаран оор абалда бычактан жаракат алынып келинген.

Бул факт Ош ШИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүндө (адам өлтүрүү) каралган кылмыш белгилери боюнча катталган.

14-январда ыкчам-издөө иш-чараларын өткөрүүнүн жүрүшүндө ИИМдин кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун аймагында чек арадан өтүү аракетинде издөөдө жүргөн К. у. Э. жана Р. у. А. кармалышты.

Учурда өзгөчө оор кылмышка тиешеси бар башка адамдарды да кармоо боюнча комплекстүү ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Буга чейин аталган кылмышты уюштурууга шектелип «Женго» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досонов кармалган. Кылмышка катыштыгы бар делген үч адам издөөгө алынган:

  1. Раимберди уулу Акылбек, 1995-жылы туулган, Өзгөн районунун тургуну;
  2. Коргонбай уулу Эламан, 1995-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну;
  3. Шакир уулу Курсантбек, 1998-жылы туулган, Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын тургуну.

Шектүүлөрдүн бири 27 жаштагы Коргонбай уулу Эламан — ММА мушкери. Ал ММА боюнча мелдештерге, анын ичинде Азия биринчилигине катышып жүргөн. Эрежесиз эр уруш боюнча Азия чемпиону экени белгилүү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>