Өзгөчө кырдаал режими киргизилген Майлуу-Сууда абал кандай?

Өзгөчө кырдаал режими киргизилген Майлуу-Сууда абал кандай?

Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу шаарында үйлөргө кезек-кезеги менен жылуулук берилип, эл таза суу менен камсыздалууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, учурда жеринде кырдаалды жөнгө салуу максатында ӨКМ башчысынын орун басарлары Урматбек Шамырканов жана Эделбек Кулматов башында турган кызматкерлер иш алып барууда.

“Майлуу-Сууда сайдан водозаборго суу толтурулуп, водозабордон Майлуу-Суу заводуна, андан №1 отказанга суу берилген. Натыйжада системалар жылытылып, №1 отказан ишке кирип, кезек-кезеги менен жашоочуларга жылуулук берилип баштады”, — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда ӨКМден 4 тонна күйүчүү май, 2 оор техника, 30 кызматкер тартылып, «КамАЗ» АЦ-6-40 «Зил» 130 өрт өчүрүүчү унаасы менен калкка таза суу ташып берилүүдө.

Мындан сырткары, жарандарга таза суу берүү максатында шаардык суу чарба ишканасынан 1 суу ташуучу унаа, заводдон 1 суу ташуучу унаа иш жүргүзүүдө. Ошондой эле Ноокен районунан 2 суу ташуучу унаа, Жалал-Абад шаарынан 1 суу ташуучу унаа тартылган.

15-январь күнү саат 08:00дө жыйын өткөрүлүп, анда шаардын жашоочуларын таза суу менен камсыз кылуу тапшырмасы коюлду.

Ал эми 15-январга караган түнү саат 00:40ка карата Майлуу-Суу дарыясынын нугун буруу жана Майлуу-Суу Лампа заводунун көлмөсүнө кошуу иштери аткарылып, 150 метр аралыкта канал казылып, суунун нугу темир бетондорду таштоо менен бурулду.

Учурда дарыя суусу өз агымы менен Майлуу-Суу Лампа заводунун көлмөсүнө куюлууда. Көлмөлөргө суу жетишерлик деңгээлде чогулгандан кийин №1 отказандын ишин калыбына келтирүү жүргүзүлөт. Ал эми 2 ППУ башкы таза суу кампанын тоңуп калган желерин тазалоо, башкы суу кампадан тартылган куурдун тоңуп калган жерлерин эритүүдө.

«Бүгүн, саат 06:00дөн тартып №1 отказан ишке киргизилди. Этабы менен 1234 абоненттерге ысык суу берилет», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 12-январда болгон катуу сууктун кесепетинен Майлуу-Суу шаарынын калкын таза суу менен камсыз кылуучу сууканалынын түтүктөрү тоңуп, мындан улам элге жылуулук берүү жана таза суу үзгүлтүккө учураган. Майлуу-Сууда өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>