Оштогу УКТ мүчөсүнүн өлтүрүлүшү. Шектүүлөрдүн бири ММА мушкери

Оштогу УКТ мүчөсүнүн өлтүрүлүшү. Шектүүлөрдүн бири ММА мушкери

Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн өлтүрүүгө шектүүлөрдүн бири — ММА мушкери. Ал милиция тарабынан изделүүдө.

Кылмыштуу окуя 13-январга караган түнү болгон. Кылмыштуу топтордун өз ара чыр-чатагынын айынан бир адам киши колдуу болгон. Дагы бирөө ооруканага жаткырылган. Аталган эки жаран жана аларга кол салгандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болушат.

Кылмыш уюштурууга шектелип «Женго» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досонов кармалган. Кылмышка түздөн түз катыштыгы бар делген үч адам издөөгө алынган:

  1. Раимберди уулу Акылбек, 1995-жылы туулган, Өзгөн районунун тургуну;
  2. Коргонбай уулу Эламан, 1995-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну;
  3. Шакир уулу Курсантбек, 1998-жылы туулган, Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын тургуну.

Шектүүлөрдүн бири 27 жаштагы Коргонбай уулу Эламан — ММА мушкери. Ал ММА боюнча мелдештерге, анын ичинде Азия биринчилигине катышып жүргөн. Эрежесиз эр уруш боюнча Азия чемпиону экени белгилүү.

Ош шаардык милиция издөөгө алынган адамдар тууралуу маалыматы бар жарандарды 03222-4-82-82 номерине кабар берүүсүн суранат.

Бул факты боюнча Кылмыш кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 16-пункту боюнча кылмыши иши козголгон. Учурда иликтөө жүрүп жатат.

Ошто кылмыштуу топтун мүчөсү өлтүрүлдү: Кримтөбөл Кадыр Досонов кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>