17-апрель: Көпчүлүк аймактарга жаан жаап, күн сууктайтКыргызстан Америка мамлекеттеринин уюмунда туруктуу байкоочу статусун алууну көздөөдөКыргызстандык окуучулар эл аралык математика олимпиадасында ийгилик жаратыштыКасымалиев АКШнын IT-гиганты менен санариптик коопсуздук боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу макулдаштыБишкек конуштар үчүн жаңы автобустарды сыноодон өткөрүүдөБишкекте мечиттер КМДБнын балансына өткөрүлүп берилүүдө
Бишкек мэриясы Тез жардам кызматына 8 унаа белек кылды
31.12.2019 | 12:21
Бишкек шаардык мэриясы Тез жардам кызматына 8 унаа белек кылды. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, унааларды сатып алууга шаардык бюджеттен 10 миллион 980 миң сом бөлүнгөн.
Унаалардын алтоо орусиянын “Lada” компаниясынан чыгарылган. Алар керектүү медициналык-диагностикалык жабдуулар менен жабдылган. Ал эми эки унаа сүт азыктарын ташууга ылайыкталган.
Учурда шаар тургундарын 46 тез жардам унаасы тейлейт.
Шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү планы боюнча тез жардам унаанын саны 100гө жеткенге чейин жыл сайын 7-8 унаа сатылып алынат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом