Бишкек мэриясы Тез жардам кызматына 8 унаа белек кылды

31.12.2019 | 12:21

Бишкек шаардык мэриясы Тез жардам кызматына 8 унаа белек кылды. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей,  унааларды сатып алууга шаардык бюджеттен 10 миллион 980 миң сом бөлүнгөн.

Унаалардын алтоо орусиянын “Lada” компаниясынан чыгарылган. Алар керектүү медициналык-диагностикалык жабдуулар менен жабдылган. Ал эми эки унаа сүт азыктарын ташууга ылайыкталган.

Учурда шаар тургундарын 46 тез жардам унаасы тейлейт.

Шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү планы боюнча тез жардам унаанын саны 100гө жеткенге чейин жыл сайын 7-8 унаа сатылып алынат.

Scroll to Top