Баткенде 3 миңден ашык тургун таза суу менен камсыз болотЧолпон-Атада Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча мелдештер өтүүдөСтамбул шаарында Кыргыз киносунун күндөрү өтөтОш шаарынын Кызыл-Байрак айылында 500 орундуу мектеп курулатМоюнга сайган: Москва районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалдыӨзбекстанда аял 30 жыл бою СССРдин паспорту менен жашаган
Жугуштуу оорулар ооруканасына бир суткада 347 бейтап кайрылды
02.01.2020 | 12:30
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде 347 бейтап кайрылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, кайрылгандардын ичинен 278и жаш балдар. Алардын 81и ооруканага жаткырылган, бейтаптардын 71и жаш балдар.
Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 9 адам кайрылса, 4 бейтап ооруканага жаткырылып, 5 адамга амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.
Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 192 адам кайрылган, алардын 48и ооруканага жаткырылып, 144 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом