Бишкек мэриясы «Манас» университетинин тосмосун бузууну мыйзамдуу деп атадыНарын шаарында 100 орундуу жаңы төрөт үйү курулуудаКамчыбек Ташиевдин жана башка саясатчылардын соту эми ачык түрдө өтөрү айтылуудаГрузиянын премьер-министри Кыргызстанга алгачкы расмий сапар менен келдиДепутат Бишкек менен Оштун ортосундагы темир жол каттамын калыбына келтирүүнү сунуштадыБишкекте «Манас» университетинин жатаканасынын курулушу токтотулду
Жугуштуу оорулар ооруканасына бир суткада 347 бейтап кайрылды
02.01.2020 | 12:30
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде 347 бейтап кайрылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, кайрылгандардын ичинен 278и жаш балдар. Алардын 81и ооруканага жаткырылган, бейтаптардын 71и жаш балдар.
Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 9 адам кайрылса, 4 бейтап ооруканага жаткырылып, 5 адамга амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.
Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 192 адам кайрылган, алардын 48и ооруканага жаткырылып, 144 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом