Эмне үчүн альпинист Наговицынанын сөөгү дагы деле Жеңиш чокусунда — ӨКМдин жообуКОСУнун студенттери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга катышатКыргызстанда «Мал аман» мамлекеттик ишканасы түзүлүп, жеке ветеринарлар ишке алынатМанас шаарында жаңы автобекет ишке кирдиБишкекте көчөдөгү жаңжалдын катышуучулары майда бейбаштык үчүн жоопко тартылдыЖапон окумуштуулары Ак-Бешим шаар чалдыбарында археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт
Мурдагы бажы башчысы тил кат менен абактан бошотулду
02.01.2020 | 11:33
Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку башчысы Адамкул Жунусов эч жакка кетпөө тил каты менен камактан бошотулду. Бул тууралуу өздүк булактарга таянып “Тазабек” басылмасы жазды.
Маалыматка караганда, мындай чечимди 2019-жылдын 30-декабрында Бишкектин Октябрь райондук соту кабыл алган.
Адамкул Жунусов 2013-жылдан 2016-жылга чейин Мамлекеттик бажы кызматын жетектеген.
Ушул жылдары ал аталган мекеменин башка адамдары менен туруктуу коррупциялык байланышты уюштуруп, “өлкө казынасына чоң суммада зыян келтирген” деп айыпталып келет.
Финансы полициясы Адамкул Жунусовго 2018-жылдын август айынын соңунда издөө жарыялаган. Ал 2018-жылдын 28-декабрында Баку шаырнан кармалып, өлкөгө алынып келинген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар