Бишкекте ШКУ өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо министрлеринин кеңешмеси өтүүдө2026-жылдын январында Кыргызстан Казакстандан сатканына караганда дээрлик үч эсе көп товар сатып алдыКыргызстандын эл аралык резервдери эки айда 1,5 млрд долларга азайдыЖыл башынан бери өлкөдө негизги капиталга инвестициялар 77 млрд сомдон аштыСергей Кожемякин: ШКУ өлкөлөрү Ирандын тегерегиндеги кырдаалды көңүл сыртында калтырбашы керек100 миң сомго чейин айып пул жана бир жылга бөгөт коюу: МСК ЕАЭБден импорттоочуларды катаал чаралар тууралуу эскертти
Иманкулов АКШнын Кыргызстандагы элчиси Вигери менен жолугушту
30.01.2023 | 19:38
Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов бүгүн, 30-январда, америкалык тараптын демилгеси менен Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар глобалдык жана аймактык коопсуздук, терроризм, экстремизм жана наркотрафик коркунучтарын талкуулашты.
Мындан тышкары, Сириядан Кыргызстандын жарандарын репатриациялоо, ошондой эле АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин өлкөнүн маданий-тарыхый мурас объекттерин реконструкциялоого көмөктөшүү темасы да өзүнчө козголду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат