Мамлекеттик туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков дүйнө салдыБишкек ШИИБи Сыймык Жапыкеевдин кармалышы боюнча суроого жооп берди: батирдеги ызы-чууКыргызстанда инвесторлор үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү сунушталуудаСыймык Жапыкеев кармалганын жана «Кыргызтестке» жетишпей калганын билдирдиДастан Бекешев: ЖИ Конституциянын орусча котормосунан 44 ката таптыӨлкөдө күн ачык болот: 19-октябрга карата аба ырайы
Иманкулов АКШнын Кыргызстандагы элчиси Вигери менен жолугушту
30.01.2023 | 19:38
Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов бүгүн, 30-январда, америкалык тараптын демилгеси менен Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар глобалдык жана аймактык коопсуздук, терроризм, экстремизм жана наркотрафик коркунучтарын талкуулашты.
Мындан тышкары, Сириядан Кыргызстандын жарандарын репатриациялоо, ошондой эле АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин өлкөнүн маданий-тарыхый мурас объекттерин реконструкциялоого көмөктөшүү темасы да өзүнчө козголду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат