Финансы министрлигинин кызматкери камалды

Финансы министрлигинин кызматкери камалды

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен бюджеттик каражаттарды алуу фактысы боюнча кылмыш ишинин алкагында опузалоо жана пара алуу фактысы менен Финансы министрлигинин ички аудит кызматынын инспектору С.О.Т. кармалып, анын бөгөт коюу чарасы катары сот органдары тарабынан камакка алуу түрү тандалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.

Тергөөнүн жүрүшүндө, С.О.Т. Агенттиктин ишин пландуу текшерүүнүн жүрүшүндө, башкы бухгалтер С.Н.К. тарабынан бюджеттик каражаттарды уурдоо фактысын таап, бирок кызматтык абалын опузалоо жолу жана кыянаттык менен пайдаланып, С. Н. К. дан 700 000 сом өлчөмүндө пара алгандыгы жана аудиттин актысында аныкталган эреже бузууларды чагылдырбагандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча, С.О.Т. Бишкек шаардык прокуратурасынын тергөө бөлүмү тарабынан көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 343-беренеси (пара талап кылуу) боюнча айып коюлуп, айыпталуучуга карата камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалган.

Азыркы учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар бардык финскалдык жана контролдоочу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын аныктоого багытталган тергөө аракеттеринин комплекси жүргүзүлүүдө.

Буга чейин Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарбасы агенттигиндеги мыйзам бузуулар боюнча кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы менен 47 адам кызматтан кеткен.  Башкы бухгалтери да кармалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Курулуш агенттигинин мурдагы башкы бухгалтери кармалды

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>