Кыргызстандык Мэри Кувакова «Аалам сулуусу» сынагына катышатКытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу. Курулуш иштерин тездетүү тапшырылдыСалык кызматы: Кыргызстанда патенттик система боюнча иштөөнүн жаңы эрежелери бекитилдиVI Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын датасы аныкталдыБишкекте түрк мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын жолугушуусу өтөтТилемчиликтин жаңы түрү. Эмне үчүн мамлекет башчыларынан үй сурагандар көбөйдү?
Орус футболчусу Хрипков Кыргызстандын курамасында ойнойт
01.02.2023 | 19:51
“Динамо” клубунун оюнчусу Андрей Хрипков Кыргызстандын курамасынын катарында ойноо үчүн FIFA уюмунан тиешелүү документтерди күтүүдө. Бул тууралуу “Матч ТВ” сайты жазып чыкты.
Маалыматка караганда, 32 жаштагы футболчу буга чейин Кыргызстандын премьер-лигасында ойноп, январдын ортосунда Бишкектин “Дордой” клубу менен келишим түзгөн.
Хрипков Кыргызстанда төрөлүп-өскөн. Профессионалдык карьерасынын Кыргызстандын жаштар курамасында баштаган.
Кийинчерээк Москвадагы Лев Яшин атындагы “Динамо” академиясында тарбияланып, Казакстандын жана Молдованын жогорку лигасынын клубдарында, Орусиянын экинчи жана үчүнчү дивизиондорунда ойноого жетишкен.
Андрей Хрипков Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн арыз берген.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт