Бишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кестиӨлкөдөгү мечиттерде жаан, кар тилеп сыйыныштыБүгүн Садыр Жапаров туулган күнүн белгилеп жатат. Аны кимдер куттуктадыБишкекте үйлөрдүн баасы дээрлик 30%га өстүБШК №16 округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти. Кимдер депутат болду
Кыргызстанда евронун наркы эмне үчүн кымбаттады? Жооп
02.02.2023 | 16:15
Кыргызстанда евронун базар баасы 1 сомго көтөрүлдү. Буга борбордогу Моссовет алмашуу бюролорундагы маалыматтар далил.
Кечээ, 1-февралда акча алмаштыруучу жайларда европалык валютаны сатуунун орточо баасы 95 сомду түзсө, бүгүн 96 сомду түзүүдө.
Алмашуу бюролор ассоциациясынын жетекчиси Думан Рыскуловдун айтымында, валюта базарындагы мындай абал дүйнөлүк тенденцияга байланыштуу.
“Чындыгында евронун курсунун өзгөрүп жатканы байкалууда. Евронун курсу дүйнөлүк рынокто, анын ичинде бизде да көтөрүлдү”, – дейт Думан Рыскулов.
Кошумчалай кетсек, Улуттук банктын маалыматы боюнча евронун расмий курсу 2-февралга карата 93,8001 сом деп белгиленген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз