Садыр Жапаров Пакистанга иш сапары менен барат

Садыр Жапаров Пакистанга иш сапары менен барат

Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев 31-январда Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-пакистан эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелерин караштыруу менен бирге, эң жогорку жана жогорку деңгээлдердеги келечекте боло турган иш сапарларды жана иш-чараларды сапаттуу түрдө уюштурууга, эки өлкөнүн ортосундагы аскердик-техникалык, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого, ошондой эле CASA-1000 сыяктуу маанилүү аймактык долбоорлорду ишке ашыруугаөзгөчө көңүл бурушту.

Элчи У.Тотуяев Пакистан тарабына Кыргызстандын мамлекеттер аралык кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө кызыктар экендиги тууралуу маалымат берип, саясий байланыштар боюнча ишти активдештирүү, өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү, инвестициялык кызматташууну илгерилетүү жана Борбор жана Түштүк Азиянын ортосунда эффективдүү логистикалык каттамдарды түзүү боюнча биргелешкен иш алып барууну сунуштады.

Пакистандын премьер-министри Ш.Шариф өз ара аракеттенүүнү мындан ары да чыңдоого даярдыгын тастыктап, ошондой эле кыргыз тарабына саясий жактан колдоого, ошондой эле суу ташкындардын кесепеттери менен күрөшүүдө көрсөтүлгөн жардам үчүн ыракмат айтып, президент Садыр Жапаровго көңүл айткандыгында ыраазычылыгын билдирди.

Ал көптөгөн маселелер боюнча жалпы кызыкчылыктарды жана позицияларды эске алуу менен, Пакистандын региондогу өлкөлөр менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыктар экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ушул жылдын биринчи жарымында президент С.Жапаровдун Пакистанга расмий иш сапарын уюштуруу маселесин биргелешип иштеп чыгууга макулдашышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>