Көзүңөрдү чоң ачып иштегиле! Шакиев мэриянын ишин сынга алды

Көзүңөрдү чоң ачып иштегиле! Шакиев мэриянын ишин сынга алды

Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев Бишкек шаардык мэриясынын ишин сынга алды.

Жыйында  “Жарнама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралып жаткан.

Төрага Бишкектин көчөлөрүндөгү жарнамалардын 99 пайызы орус, англис тилдеринде экенин айтып, аларды кыргызчалоо керектигин белгиледи.

“Сунушталган мыйзам жөнөкөй көрүнгөнү менен абдан маанилүү. Андыктан буга жеңил-желпи кароого болбойт. Айрыкча, бүгүн отурумга чакырылгандардын жооптору такыр канаттандырбайт. Эгер тийиштүү жетекчилер натыйжалуу иштегенде борбор калаабыз азыркыдай абалга келмек эмес. Шаарыбызды аралап көрсөк, борбордук көчөлөрдөн баштап, кичи көчөлөргө чейинки илинген жарнамалар дээрлик башка тилде жазылган. Жарнамада эң биринчи кыргыз тилинде чоң тамга менен жазылып турушу керек. Андан кийин гана башка тилдерде жазылышы шарт. Көзүңөрдү чоң ачып, барыңар иштешиңер керек. Бишкек башка өлкөнүн борборундай көрүнөт”, – деп Шакиев Бишкек шаарынын мэринин орун басарына кайрылды.

Муну менен катар тармакты көзөмөлдөгөн жетекчилердин ишмердүүлүгүн сынга алып, калаа башчыларын жарнама ишин көзөмөлдөөгө чакырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>