Гүлшайыр Садыбакасова директорлук кызматынан бошотулду

03.02.2023 | 14:24

Гүлшайыр Садыбакасова Рысбай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын директорлук кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Садыбакасова бул кызматты 2000-жылдан бери аркалап келген.

Буга байланыштуу аталган министрлик  Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын директору бош кызмат орунуна документтерди кабыл алууну жарыялады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top