Түндө үйүнө кирип, өлтүрүп кеткен. Издөөдө жүргөн шектүү кармалды

Түндө үйүнө кирип, өлтүрүп кеткен. Издөөдө жүргөн шектүү кармалды

Ош облусунун Араван районунда адам өлтүрүү боюнча издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Быйыл 29-январь күнү ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Араван районунда адам өлтүрүү фактысына шектелип, издөөдө жүргөн 29 жаштагы Ф.Р. аттуу тургун Ош шаарынан кармалган.

Маалым болгондой, аталган жаран, 2021-жылдын 21-ноябрь күнү болжол менен саат 02:00до өзүнүн шериктери, Араван районунун 37 жаштагы М.А., 36 жаштагы Б.А. жана 30 жаштагы Ш.О. аттуу тургундары менен алдын ала сүйлөшүп, Араван районунун С. Юсупова айыл аймагынын 54 жаштагы К.Ю. аттуу жашоочусунун үйүнө мыйзамсыз кирип, аны өлтүрүп, издерин жашырып качып кетишкен.

Бул фактыга байланыштууа Кылмыш кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Кармалган жаран 2021-жылы болгон адам өлтүрүү фактысы боюнча издөөдө жүргөн.

Буга чейин башка шектүүлөр кармалган.

Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>