Өзгөндө турак үйдөн өрт чыгып, төрт бала каза болдуМамлекеттик катчы кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктадыБишкектеги Тез жардам ооруканасын жана №9 ҮМБны капиталдык оңдоого 182 млн сом бөлүндүЖаан, кар жаайт: 5-мартка карата аба ырайыБыйыл Бишкекке 2 млн бир жылдык гүл отургузулатМурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калды
Чүй ЖКККБ “ИИМдин офицери кесиптештеринен акча чогултууда” деген видео боюнча үн катты
13.02.2023 | 18:19
Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККБ) социалдык тармактарда тараган “ИИМдин офицери Максат Какчекеев Чүй облустук ГАИдеги кол алдындагы кызматкерлерден акча чогултууда” деген видео боюнча үн катты.
Reporter.kg’ге аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдиргендей, социалдык тармактарга тараган тасма 2019-жылы тартылган эски видео. Ал видео тартылган учурда милициянын майору Максат Какчекеев Чүй ЖКККБнын 2-взводунун командири болуп турган.
“Бул боюнча кызматтык иликтөө жүрүп, юридикалык баа берилген”, – деп билдиришти башкармалыктан.
Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда “ИИМдин офицери Максат Карчекеев Чүй облустук ГАИдеги кол алдындагы кызматкерлерден акча чогултууда” деген видео тараган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз