Ошто мыйзамсыз дары-дармектерди рецептсиз саткандар кармалды

Ошто мыйзамсыз дары-дармектерди рецептсиз саткандар кармалды

Ош шаарында мыйзамсыз дары-дармектерди рецептсиз саткан дарыканалар аныкталды, деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, ички иштер министрлигинин БМЖКККнын кызматкерлери  түшкөн ыкчам маалыматтын алкагында Ош шаарында үч дарыкананы аныкташты.  Алардын кызматкерлери калк арасында таасири күчтүү дары-дармектерди рецептсиз сатышкан.  Бардык үч факты тең Ош шаарынын ИИБдин маалыматтык электрондук журналына  катталган.

Мындан тышкары, борбордук базардын аймагында жайгашкан дарыкана бул дары-дармектерди сатууга лицензиясы жок экендиги аныкталган. Дарыларды жеке пайда алуу үчүн коңшу дарыканадан сатып алышкан.

Дарыкана кызматкерлери 1991-жылы туулган А.А.  жана 1987-жылы туулган К.М. кармалган жана тергөө кызматына жеткирилген. Бардыгы болуп психотроптук заттарды камтыган 94 капсула, 82 флакон дары-дармек каражаттары алынган.

Эске салсак, буга чейин ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматтын демилгеси менен фармацевтикалык компаниялардын жетекчилеринин катышуусунда калк арасында таасири күчтүү заттарды камтыган дары-дармектерди рецептсиз сатууга жол бербөө боюнча кеңешме өткөрүлгөн.

Дарыгердин көрсөтмөсү жок ар кандай дары-дармектерди колдонуу ден-соолукка олуттуу зыян келтирет!

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>