Видео: Нарында эки милиционер кармалды. Окуянын чоо-жайы

Видео: Нарында эки милиционер кармалды. Окуянын чоо-жайы

Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын сотко чейинки тергөө иштери боюнча орун басары К.Т.у. жана Тергөө кызматынын тергөөчүсү Б.А. пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, алар 20 миң сом пара алып жатканда колго түшүрүлгөн.

УКМКдан билдиришкендей, алар Нарын районунун тургундарынан мыйзамсыз курал сактаганы (Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 1-бөлүгү (жылмакай ок атуучу куралды сактоо) үчүн козголгон ишти оң чечип берүү үчүн 40 миң сом талап кылган.

УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 1-бөлүгү анча оор эмес кылмыш болуп эсептелерин, анда жаза айып пул түрүндө гана каралып, эркинен ажыратуу каралбаганын белгелейт.

Учурда кармалгандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Нарын УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>