Президент Түркияга барып келген куткаруучуларды сыйлоону тапшырды

Президент Түркияга барып келген куткаруучуларды сыйлоону тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-февралда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевди кабыл алды.

Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, мамлекет башчыга Кыргызстандын ӨКМ куткаруучулары тарабынан Түркияда жүргүзүлгөн издөө-куткаруу иштери тууралуу маалымат берилди.

Бообек Ажикеев президенттин тапшырмасын аткаруу максатында жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн 120 адамдан турган атайын топ дароо Түркияга жөнөтүлгөнүн айтып берди. Ага куткаруучулар, медиктер, кинологдор жана психологдор кирген.

ӨКМ тарыхында биринчи жолу кыргызстандык куткаруучулар өлкөдөн сырткары куткаруу миссиясы менен чыгышты. Акыркы эки жылда куткаруучуларды даярдоону жана кинологиялык кызматтын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө.

Министр Кыргызстандан барган куткаруучулардын командасы чоң иш аткарганын — өз өмүрүн тобокелге салып, куткаруучулар урандылардын астынан 8 адамды, анын ичинде жаш балдарды сактап калууга, 198 адамдын сөөгүн алып чыгууга жетишкендигин баса белгиледи. Мындан тышкары Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги, ал жакта жашаган жана окуп жаткан мекендештер, жеринде чоң жардам, колдоо көрсөтүштү.

Садыр Жапаров куткаруучуларга Түркиядагы ири кыйроолорго алып келген жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирип, алардын иш-аракеттерин “профессионалдуу, жакшы уюшкан жана натыйжалуу” деп атады.

Президент Түркияда болгон табигый кырсык кыйроолорго алып келип, боордош мамлекетке чоң зыян келтиргенин белгиледи. Бул жалпы кайгыга айланып, Түркия элине жардам берүүдө бардыгын бир муштумга бириктирди.

Мамлекет башчы министр Бообек Ажикеевге Түркиядагы издөө-куткаруу иштеринде өзгөчөлөнгөн куткаруучуларды сыйлоо боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды. Бул башкаларга да стимул болорун, алар мындан да мыкты иштеп, өз кесибинде өсүүгө умтула турганын баса белгиледи.

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жаз-жай мезгилине мүнөздүү табигый кырсыктардын алдын алуу иштерин күчөтүү керектигине токтолду.

Мамлекет башчысы өзгөчө кырдаалдардын мүмкүн болушунча алдын алууга багытталган ыкчам чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>