Кыргызстанда дагы бир бөйрөк трансплантациясы ийгиликтүү жүргүзүлдүКыргызстанда жеке ишкер катары кантип катталса болот? Жол-жобосуКөчөдөн 14 жаштагы кызга кол салып, муунткан. Шектүү кармалдыМанас шаарына жаңы «Манас» стеласы орнотулдуАла-Арча жаратылыш паркына дүйнөлүк стандарттагы родельбан курулатСадыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары аяктады – маанилүү учурлар
Баткенде белгисиз зат жарылып, аскер кызматкери жарадар болду
26.02.2023 | 14:06
Баткен облусунда 25-февралда Чек ара кызматынын аскер кызматкери белгисиз заттын жарылышынын натыйжасынан жаракат алганын Чек ара кызматы 26-февралда билдирди.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, №2021 аскердик бөлүктөгү унааларды техникалык кароодон өткөрүү пунктунда мешти жылытуу учурунда белгисиз зат жарылып, анын кесепетинен 2003-жылы туулган аскер кызматкери А.М. буттарынан жаракат алган.
“Аскер кызматкери дароо Раззаков шаарынын аймактык ооруканасына жеткирилген. Учурда ал дарыгерлердин такай көзөмөлүндө. Кызматкердин абалы орточо деп бааланууда”, – деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча бардык компетенттүү органдар кабарланган. Окуя боюнча иликтөө иштери башталды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар