Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Быйыл Бишкекте 60 чакырымга чейин тротуар салынат
01.03.2023 | 11:34
Быйыл Бишкекте 60 чакырымга чейин жөө адамдар жүрүүчү жол салынат. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта маалымат жыйында шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.
Анын айтымында, былтыр борбор калаада 15 чакырым тротуар салынган. Быйыл аны 3-4 эсеге көбөйтүү пландалууда.
“Быйыл биз жолдорго эмес, тротуараларга өтө көп көңүл бурабыз деп жатабыз. Тротуарлардын абалы начар. Былтыр 15 чакырым жасалган. Биз былтыр тротуарлар көп жасалды деп айта албайбыз”, – деди ал.
Аны менен бирге ал, мындан ары тротуарлар брусчаткадан эмес асфальттан салынарын билдирди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом